Бугу 08, 2024
Убакыт: 06:40
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Орто-Токой суу сактагычында “фотозона” пайда болду

06.06.2023 16:19
237
Орто-Токой суу сактагычында “фотозона” пайда болду


Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышына кызыккан коноктор үчүн жагымдуу шарт түзүү максатында "Орто-Токой" суу сактагычында сүрөткө түшө турчу атайын бурч (фотозона) пайда болду. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев социалдык тармактагы баракчасыны жазды.

Министр тоо койнун аралап, алыс жолго сапар тарткан ар бир жүргүнчү эми суу сактагычынан токтоп, айланага көз чаптырып, эстеликке сүрөткө түшсө болорун билдирди.

Текебаев фотозона үчүн эң башкысы коопсуз жер тандалып алынгандыгын кошумчалады.

“Кыш мезгилинде Нарын облусуна иш сапар менен бара жатып, жол боюнда токтоп турган туристтерди көрүп, Кыргызстаныбыздын кооз керемет жерлерине кызыккан конокторго жагымдуу шарт түзүү идеясы келген. Дароо жанымдагы кызматкерлерге жол четин тегиздеп, түздөтүп, атайын тосмолорду орнотуу тапшырмасын бергем. Мына минтип, ойлогонубуз орундалып, туристтерибизге жана жарандарыбызга токтоп эс алууга, сүрөткө түшүүгө жагымдуу шарт түзүлдү”, - деди ведомство жетекчиси.

Эми туристтер коопсуздук жана ыңгайлуулук жөнүндө ойлонбостон панорамалык көрүнүштөрдү көрүп, сүрөткө түшө алышат.

Тилек Текебаев башка жолдордо мындай тосмолорду орнотуп, фотозона уюштуруу планда бар экенин билдирип, бир гана айлананы таштандыга толтурбай, аяр мамиле жасоого чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн