Бишкекте россиялык жаранды тротуардан койдуруп кеткен айдоочу кармалып, кечирим сурады. Бул тууралуу Кайгуул милициянын маалымат кызматы билдирди.
"Мен кечээки жоругум үчүн кечирим сурайм. Ким жаңылышпайт... Экинчи мындай кайталанбайт", — деди.
Жабырланган киши россиялык Евгений Романов экени белгилүү болду. Ал өзү окуя кечээ болгондугун, рулдагы киши УКМКда иштейм дегенин айтты.
Кырсыкка күбө болгондор BMW X5 автоунаасын 35-40 жаштын тегерегиндеги кызуу адам айдап жүргөнүн айтышты.
Ал эми УКМК ал жаран атайын комитетте иштебей турганын билдирди.
Пикирлер (1)