Бугу 20, 2024
Убакыт: 02:51
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Орусиялык дарыгерлер Ош шаарына барышты (сүрөт)

24.07.2020 18:07
1145
Орусиялык дарыгерлер Ош шаарына барышты (сүрөт)


Россиянын Башкортостан Республикасынан келген дарыгерлердин бир тобу Ош шаарына барды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 


Маалыматка караганда, аларды "Ош" эл аралык аэропортунан Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов менен өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарам укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов тосуп алышты.


"Ошко келген 16 дарыгер Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ооруканаларда иштешет. Мындан тышкары, Москвадан 2 вирусолог да кошо келишти", - деп айтылат мэриянын маалыматында.


Буга чейин СOVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы күрөштө жардам берүү үчүн Кыргызстанга Орусиядан 50 медицина кызматкери келгенин Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирген. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн