Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:06
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Орусиялык жаран Кыргызстандан 10,2 миң доллар алып чыгууга аракет кылган

22.11.2023 16:18
288
Орусиялык жаран Кыргызстандан 10,2 миң доллар алып чыгууга аракет кылган


“Достук-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары чек арадан мыйзамсыз акча алып өтүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, саат 8.30дар чамасында көзөмөл өткөрүү жайына Россия Федерациясынын 1981-жылы туулган жараны У.О. кармалган. Чек ара көзөмөлү учурунда анын жанынан декларацияда жок 10 миң 200 доллар табылган.


Кармалган адам жана акчалар компетенттүү органдардын кызматкерлерине андан ары териштирүү үчүн өткөрүлүп берилди.


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынан нак чет өлкө валютасын алып чыгууга убактылуу тыюу салынганын эскертти:


- резидент эместер жана чет өлкөлүк жарандар - накталай 5 миң доллар;

- резиденттери жана Кыргыз Республикасынын жарандары - накталай 10 миң доллар.


Эгерде экспорттолгон сумма чектен ашып кетсе, белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10 пайызы өлчөмүндө төлөм алынат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн