Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:35
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ош ОИИБи: Туристтик взвод жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө

12.11.2020 18:43
469
Ош ОИИБи: Туристтик взвод жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө

Кырсыктардын алдын алуу жана алрды болтурбоо максатында Ош облусунун жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы элге түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.


Акыркы кездерде Ош облусунун аймагында жол унаа кырсыктары көп

катталууда. Анын кесепетинен бей күнөө жарандардын жана жаш

өспүрүмдөрдүн өмүрлөрү кыйылууда. Мисалы, 2020-жылдын 9 ай ичинде

облустун аймагында 522 жол-унаа кырсыгы катталып, анын натыйжасында 107

жаран каза болуп, 925 жаран денелеринен ар кандай оор жаракаттарды

алышкан.


Ош ОИИБдин 2020-жылдын 26-октябрындагы буйругунун талаптарын аткаруу

максатында, Ош ОИИБдин МКККнын ӨБнын туристтик взводунун инспекторлору

жана Ош ОИИБгы боюнча ЖКККБнын кызматкерлери менен биргеликте жол-унаа

кырсыктарын алдын-алуу максатында иш-чаралар алып барылууда.

Бирдиктүү дислокация боюнча жер-жерлерге бөлүнгөн ар бир туристтик

взводунун кызматкери, ЖКККБнын кызматкери тарабынан ар бир токтотулган

автоунаанын айдоочуларына жана жүргүнчүлөрүнө, «Абайла айдоочу! Адам

өмүрү сенин колуңда» аттуу эскертүү баракчаларын таркатуу менен бирге

эле, эл көп топтолгон жерлерге барышып, айдоочулардын жол эрежелерин так

сактоосун жана мас абалында автоунаа башкарбоосун, карама-каршы тилкеге

чыкпай автоунаа башкарууларын айдоочуга эскертип турууга милдеттүү

экендиктерин эске салышууда. Анткени алардын өмүрү жана ден-соолугу

айдоочунун колунда экендигин эскертип жатышат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн