Аяк оона 25, 2023
Убакыт: 03:20
USD
88.60
88.76
EUR
94.00
95.00
RUB
0.915
0.940

Ош аэропортунда 5 млн сомдук алтынды өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгып кетүү аракетине бөгөт коюлду

01.09.2023 14:07
333
Ош аэропортунда 5 млн сомдук алтынды өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгып кетүү аракетине бөгөт коюлду


Ош аэропортундагы көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары 5 миллион сомдук алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт коюшту. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Ош-Стамбул каттамындагы жүргүнчү кармалды. Аял декларациясыз учактын бортунда 848 грамм салмактагы алтын буюмдарды алып өтүүгө аракет кылган.


Алдын ала маалыматтар боюнча, алардын баасы 5 миллион сомдон ашыкты түзгөн.


Кармалган жаран жана алтын буюмдар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн