Чын курандын 12, 2025
Убакыт: 15:05
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Ош базарынын айланасындагы күркөлөр алынып, 1134 чарчы метр аянт бошотулду

05.02.2024 16:21
353
Ош базарынын айланасындагы күркөлөр алынып, 1134 чарчы метр аянт бошотулду


Бишкектин Токтогул жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жеңил типтеги объектилер буздурулууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жеринде мэриянын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын, Ленин райондук муниципалдык администрациясынын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда.

Иштин жүрүшүндө 24 күркө алынып, 1134 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду.

Бишкек шаарынын жер тилкелерине укук берүү комиссиясынын 2015-жылдын 2-сентябрындагы чечими менен «Бейкут» ЖЧКсына 0,1134 га жер тилкесин убактылуу көрктөндүрүү жана «Ала-Арча» дарясын тазалоодо технологиялык өтмөктү тейлөө максатында берилген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин келишим талабы аткарылган эмес.

Буга чейин башкармалык тарабынан 2024-жылдын 19-январында муниципалдык аймакты бошотуу боюнча билдирүү берилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн