Бүгүн, 8-декабрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташууну бекемдөө багытында талкуулап, мигранттардын укугу, коопсуздугу маселелери көтөрүлдү.
Мэр Алмаз Мамбетов Ош шаарында туризм тармагын өнүктүрүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын айтып, атайын иштелип чыккан Ош шаарынын брендин 17-декабрда презентациялоо пландалып жатканын белгиледи.
Алексей Рогов бул иш-чарага катышуу ниетин билдирип, эки тарап кызматташтыкты өнүктүрүү келишимине келди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн