Бугу 14, 2024
Убакыт: 18:45
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ош облусунда 6 жыл мурда катталган кылмыштын бети ачылды

10.05.2023 16:24
455
Ош облусунда 6 жыл мурда катталган кылмыштын бети ачылды

 Ош облусунда 6 жыл мурун катталган кылмыштын бети ачылды.


Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей,  2017-жылы декабрь айында Ж. З.,таандык болгон Ноокат районунун Кожо-Арык айылындагы үйдөн белгисиз жарандар бир даана “ТОЗ-34” 12 калибриндеги жана бир даана “Сайга МК” 7,63/39 калибриндеги ок атуучу куралдарды уурдап кеткендиги боюнча арыз катталган.


 Бул факты боюнча 2018-жылдын 5-январында Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин 164-беренесинде (кодекстин эски редакциясы) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Бир катар тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмышка шектүүлөр изин жашырып кармалбагандыктан, козголгон кылмыш өндүрүштөн убактылуу токтотулуп, кылмыштын бетин ачууга багытталган иш-чаралар жүргүзүү улантылган.  


Ноокат РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 2023-жылдын 1-апрель күнү Ноокат районунун аймагында 1 жаран ок атуучу куралды сатуу максатынжа жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат алынган.


 Аталган маалымат маалыматтардын электрондук журналына катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин 267-берененин (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголгон.


 Жогорудагы маалыматтардын негизинде, 2023-жылдын 2-апрелинде Баткен облусунун тургуну 46 жаштагы О.Р., аттуу жарандын үйүнө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, бир даана кара түстөгү магазини жок САЙГА-МК үлгүсүндөгү ок атуучу курал алынган.


 Куралды тиешелүү экспертизадан өткөргөн учурда алынган курал мындан 6 жыл мурда жогоруда аталган даректен уурдалган ок атуучу курал экендиги далилдеген.


 Кылмышка шектүү катары Ноокат районунун тургуну 21 жаштагы Б.Ж., аттуу жаран кармалып, азыркы кезде тергөө иштери жүрүп жатат.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн