Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 19:26
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ош шаардык прокуратурасы сотко "Манас-Ата" кафесин сүрдүрүүнү сунуштады

07.07.2022 11:04
738
Ош шаардык прокуратурасы сотко "Манас-Ата" кафесин сүрдүрүүнү сунуштады


Ош шаарынын прокуратурасы "Манас-Ата" кафесинин имараты кызыл сызыктан чыгып курулгандыгын аныктап, аны буздуруу үчүн сот органдарына доо арыз менен кайрылууну сунуштады. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин адистери иликтөө жүргүзүп, кафенин жер тилкесин 2017-жылдын 31-ноябрында Юлдашбай Нематов сатып алганын аныктаган.

Ал эми Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын маалыматына ылайык, ал жерге жеке турак жай куруу үчүн техпаспорт даярдалып, шаардын башкы архитектору менен макулдашылган. Бирок берилген документке карабастан Аскар Шакиров көчөсүнүн кызыл сызыгынан чыгып, "Манас-Ата" кафеси курулган.

Мындан улам Нематовго 2018 жана 2019-жылы эскертүүлөр берилип, мэриянын Шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн адистери менен биргеликте жеринде акт түзүлгөн. Андан сырткары, 2019-жылдын 20-мартында Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгы мыйзам чегинде тиешелүү чара көрүү үчүн Мамэкотехинспекцияга өткөрүп берген.

Бүгүнкү күндө Ош шаары боюнча архитектуралык курулушту контролдоо боюнча башкармалыгына мыйзамсыз курулган "Манас-Ата" кафесинин имаратын баштапкы калыбына келтирүү боюнча сот органдарына кайрылуу тапшырмасы берилди.

Учурда аталган кафе жабык турат, ага суу, жарык берүү да токтотулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн