Бугу 20, 2024
Убакыт: 04:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ош шаары менен Санкт-Петербург шаары кызматташуу тууралуу келишимге кол койду

13.10.2021 09:06
443
Ош шаары менен Санкт-Петербург шаары кызматташуу тууралуу келишимге кол койду

 


11-октябрда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев баштаган делегация Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барып, шаарыдын вице-губернатору - администрация башчысы Валерий Пикалев менен жолугушту. Анын алкагында 2021-2024-жылдарга карата эки шаар соода-экономикалык, билим берүү, маданий-гуманитардык кызматташуу багытын камтыган программага кол коюшту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Ошондой эле, туризимди өнүктүрүү, саламаттык сактоо, инфраструктураны жакшыртуу жаатында тажрыйба алмашуу жөнүндө да камтылган. 


Жолугушууда коомдук транспорт, таза суу, электр энергия менен камсыздоо, жарыктандыруу багытында ишке ашкан долбоорлор менен тааныштырылып, маалымат берилди.


Мындан тышкары, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Санкт-Петербург шаарындагы алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири менен эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту.

Белгилей кетсек, Ош шаары Орусиянын Санкт-Петербург шаары менен 2004-жылдан бери достук мамиле түзүп, кызматташып келет.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн