Бугу 08, 2024
Убакыт: 19:27
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Ош шаарында Бабур театры оңдоодон кийин ачылды (фото)

25.04.2023 11:21
988
Ош шаарында Бабур театры оңдоодон кийин ачылды (фото)



Бүгүн, 24-апрелде Ош шаарында Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театры капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды. 


Театрдын ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Түрксой уюмунун баш катчысы Султан Раев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Өзбекстан Республикасынын Маданият жана туризм министри Озодбек Назарбеков, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, эки өлкөнүн маданият кызматкерлери катышты


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов театрды реконструкциялоо боюнча чечим Президент Садыр Жапаровдун 2021- жылдагы Өзбекстан Республикасына болгон сапарынын жыйынтыгында кабыл алынган чечим экендигин билдирди. 

Ошондой эле ал өз сөзүндө жогорку даражалуу конокторго ыраазычылык сөздөрүн айтуу менен бирге, театр эки мамлекет башчыларынын саясий эрки жана көрөгөчтүгү менен жетишилген тарыхый жакындашуу жана Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин ортосундагы жылуу мамиленин өзгөчө учурунда ачылып жатканын билгилеп өттү.

"Биздин байыркы элибиз тууганчылык жана жакындык байланыштары менен байланышкан. Бүгүн биздин урматтуу президенттер Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиеев интенсивдүү өнүгүүгө жана өз ара терең социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык интеграцияга багыт алышты. Маданиятты жана экономиканы өз ара байытуу аркылуу гана биз жалпы маданиятыбызды, тилибизди жана бирдейлигибизди коргоп гана тим болбостон, биргелешкен аракеттер менен глобалдык коомчулукта татыктуу орунду ээлеп, гүлдөгөн мамлекеттерди кура алабыз" - деди Эдил Байсалов.


Салтанаттуу иш- чаранын жүрүшүндө театрды реконструкция кылган курулуш компаниянын ээлерине жана театрда иштеген кыргыз- өзбек артисттерине эки өлкөнүн Маданият министрликтеринин Ыраазычылык каттары, Ардак громаталары тапшырылды.


Белгилей кетсек, театрды реконструкциялоо 2021-сентябрында башталып, ушул жылдын апрель айында аяктаган.

Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү долбоорго жалпысынан 5 миллион АКШ долларын бөлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн