Ош шаарында медицина кызматкерлерин 28 кичи автобустар ташып жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, уюштурулган транспорттор шаардагы 8 оорукана жана 12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун күчөтүлгөн тартипте иштеп жаткан дарыгерлерин күнү-түнү тейлөөдө.
“Медицина кызматкерлерин үйүнөн жумашка, жумуштан үйүнө жеткирип туруу боюнча шаар мэри тапшырма берип, күйүүчү май мэрия тарабынан берилүүдө. Ал эми айдоочулар өз демилгелери менен кызмат акысын албай, акысыз иштеп жатат”, - деген вице-мэр Асылбек Топчубаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн