Бугу 10, 2024
Убакыт: 03:13
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Ош шаарында курулуп жаткан жер үстүндөгү өтмөк пайдаланууга берилди

30.08.2023 17:00
797
Ош шаарында курулуп жаткан жер үстүндөгү өтмөк пайдаланууга берилди


Ош шаарында А. Масалиев көчөсү менен А. Навои көчөсүнүн кесилишиндеги жол унаа каттамдары үчүн толук ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Эске салсак А. Масалиев көчөсүнүн үч чакырым жолуна толук жаңыдан асфальт төшөө иштери башталган болчу. Жумуштар 100%га аяктап жол бүгүнтөн тарта ачылды.

"Муну менен катар А. Масалиев жана А. Навои көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө жүргүнчүлөр үчүн курулган өтмөк да шаар тургундары жана коноктору үчүн толук ачылып, өтмөк аркылуу жүрүүгө уруксат берилди. Өтмөктүн негизги конструкциясы бүттү. Ал эми шаар тургундарына тоскоолдук жаратпаган абалда кошумча жасалчу майда жумуштар жүрүп жатат. Жакынкы аралыкта ал иштерди бүткөрүү мерчемделген", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн