Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 07:23
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Ош шаарында президенттин тапшырмасы менен түлөө өткөрүлдү

16.07.2024 09:20
719
Ош шаарында президенттин тапшырмасы менен түлөө өткөрүлдү


Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен сел кырсыгына байланыштуу Ош шаарында түлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Иш-чарага табият кырсыгы менен жеринен таанышуу үчүн барган министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, элге, жерге аманчылык тилеп, жакшылыктарды каалады.

"Жерибиз титиребесин, элибиз битиребесин, Кудай ушундай апааттардан, жаратылыш кырсыктарынан, күтүлбөй келген жамандыктан сактасын. Мындан ары элибизде жакшылыктар болсун!", - деди ал чогулгандарга сүйлөп жатып.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн