Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:36
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ош шаарынын борбордук аянтында милициянын гарнизондук саптык кароо болуп өттү

20.12.2021 19:17
601
Ош шаарынын борбордук аянтында  милициянын гарнизондук саптык кароо болуп өттү


        2021-жылдын 20-декабрь күнү Ош шаарынын борбордук аянтында саптык кароо кирип келе жаткан жаӊы 2021-жылды тосуп алуу учурундагы коомдук коопсуздукту сактоого багытталып, кызматкерлерге тиешелүү көрсөтмөлөр берилди. Бул тууралуу  ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


         Бул иш-чарага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги, Акылбек Мамасейитов, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Жеңиш Абитов катышты.  

   

     Иш-чара алдында Октябрь Урмамбетов Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Жеңиш Абитовго Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак Грамотасын салтанаттуу түрдө тапшырды.  

   

   Андан соӊ,  өздүк курамга Кыргыз Республикасынын ИИМдин  “Жаңы жылдык иш чараларга даярык көрүүдө  жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо  жөнүндө” буйругу өздүк курамга жеткирилди.

Жаңы жылга карата майрамдык иш-чараларыынн алдында Ички иштер министрлиги калктын коопсуздугун камсыздоого багытталган алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө, калк жыш чогулган жайларда, соода-түйүн жана башка борборлордо коопсуздук чараларын күчөтүп, мамлекеттик, жеке жана өзгөчө маанилүү обьектилерди кайтарууну күчөтүү боюнча тапшырмалар коюлган. 

Андан сырткары жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурулуп, алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүдө. Түзүлгөн кырдаалга карата ыкчам чараларды көрүү үчүн жетекчилик курамдын күнү-түнү кызмат өтөөшүп, күчөтүлгөн ыкчам-тергөө топторунун иши камсыздалат.  


Октябрь Урмамбетов саптык кароодо турган ар бир кызмат менен бөлүктөргө барып, алардын кызматка даярдыгын текшерди. Милиция кызматкерлеринин кийген кийимдери, сырткы келбети  талапка ылайык болуусу керектигин эскертти. 


2021-жылдын 28-декабрынан баштап 2022-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө киришет.


Ош шаарынын борбордук аянтында өткөн   гарнизондук саптык кароого ИИМдин Ош шаарындагы бардык бөлүктөрү: Ош шаардык, Ош облустук ички иштер башкармалыктарынын өздүк курамы, ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчылары, ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун өзүнчө батальону, ЖКККББнын, ИИМдин Күзөт кызматынын милиционерлери, милициянын кайгуул кайгуул кызматынын    кызматкерлери катышты.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн