Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 03:00
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ошко Сургуттан 160 кыргызстандык жаран келди

26.08.2020 09:39
845
Ошко Сургуттан 160 кыргызстандык жаран келди


Кыргызстанга «Авиа Траффик» авиакомпаниясынын «Сургут - Ош» багыты боюнча 25-августта чартердик каттам менен 160 кыргызстандык кайтып келди, арасында жаш балдар бар. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, бул каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР президенти жана өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия менен Кыргызстандын тышкы ведомстволорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашырылган.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Россиянын Ханты-Мансийск жана Ямало-Ненецк автономдук округдарында жашаган Кыргызстандын жарандарынын берген жеке арыздарынын негизинде Россиядагы КРнын элчилигинин Сургут шаарындагы Канцеляриясы тарабынан кыргыз диаспора уюмдарынын өкүлдөрү менен биргеликте түзүлгөн.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн