Теке 29, 2025
Убакыт: 01:05
USD
87.20
87.70
EUR
101.50
102.50
RUB
1.085
1.125

Ошто 13 миң 295 студент жогорку окуу жайларынан чыгарылды

28.07.2025 18:13
28
Ошто 13 миң 295 студент жогорку окуу жайларынан чыгарылды


Ошто 13 миң 295 студент жогорку окуу жайларынан чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Маалыматта айтылгандай, жогорку окуу жайларында бүтүрүүчү студенттердин билим сапатын жакшыртуу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүндө коррупциялык элементтердин шарттарын, себептерин жана факторлорун четтетүү максатында 2024-жылдын аягында жана 2025-жылдын башында ЖОЖдордун жетекчилеринин катышуусу менен (ОшМУ, ОшТУ, ОшПУ, ОшКӨЭУ, ОшЭМУ жана башка) жалпы профилактикалык иш-чаралар өткөрүлгөн.


Өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча сабакка катышпаган же академиялык карыздары бар 13 295 студент окуудан чыгарылган. Анын ичинен: 


  • ОшМУ 3573;
  • ОшТУ 2754;
  • ОшКӨЭУ 3167;
  • ОшМПУ 3629;
  • КУУнун филиалы 172. 


Учурда аталган ЖОЖдордун кызмат адамдарынын студенттерди мыйзамсыз окутууга жана алардын жоопкерчилигин КР мыйзамдарынын чегинде кароого катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.


УКМК жогорку окуу жайлардын жетекчилерин жана кызматкерлерин мыйзамдын талаптарын сактоого жана окуу процессинин ачык-айкындуулугун камсыздоого жана коррупциялык көрүнүштөрдөн сак болууга чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн