Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 00:20
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Ошто 21 жаштагы мас келин милиция кызматкеринин колун тиштеп алган

06.05.2022 17:25
496
Ошто 21 жаштагы мас келин милиция кызматкеринин колун тиштеп алган

Ошто 21 жаштагы келин мас абалында патрулдук милициянын инспекторунун колун тиштеп алды. Бул тууралуу Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, милициянын кайгуул кызматынын кенже сержанты Э.Дубашевге 5-май күнү саат 11:00 чамасында Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринен Дэу Матиз үлгүсүндөгү такси айдоочусу келип, унаанын ичиндеги 1 жаштагы баласы бар жүргүнчү келинди түшүрүп берүүнү өтүнгөн.


Э.Дубашев жүргүнчүнү түшүрүүгө аракет кылганда ал мас абалында болуп, эшиктерди тээп, унаанын терезесин сындырып, оозго алгыс жаман сөздөр менен тилдеп, кайгуул кызматкердин көкүрөгүндөгү камераны жулуп алып, сол колун тиштеген.


"Аталган факты Ош ШИИБинин Ак-Буура милиция бөлүмүндө сотко чейинки өндүрүш катары катталган. Жазык процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде шектүү катары Т. кызы.Т. кармалып, Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бир жаштагы баласы Ош шаарындагы жаш балдарды кабыл алуу бөлүмүнө өткөрүп берилди", - деп жазылат маалыматта.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн