Бирдин айы 22, 2025
Убакыт: 14:31
USD
87.30
87.80
EUR
91.20
92.20
RUB
0.970
1.010

Ошто 3 медициналык мекеме текшерилип, 28 пункттан турган эскертме берилди

21.02.2025 17:06
64
Ошто 3 медициналык мекеме текшерилип, 28 пункттан турган эскертме берилди


Ошто 3 медициналык мекеме текшерилип, 28 пункттан турган эскертме берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору, Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду өрт коопсуздугу боюнча пландан сырткары текшерилди.


Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган медициналык мекемелерде жалпы 28 пункттан турган бузуулар аныкталды.


Алсак, Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда өткөн 2024-жылы февраль айында 12 бузуу аныкталып, жыйынтыгында “Бузуулар кодексинин” 143-беренсене ылайык 23 миң сом айып пул салынган.


Ал эми, Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунда 2024-жылдын 1-февраль күнү ӨКМ пландык текшерүү жүргүзүп, 12 пункттан турган бузууларды аныкташкан. Ал эми 2024-жылдын 13-мартында контролдук текшерүүнүн жыйынтыгында 13 000 миң сом айып пул салынган. 


Белгилей кетсек, ушул эле мекеменин жетекчилик администрациясында 2024-жылдын 6-январь күнү электр шайманынан өрт чыгып, тилсиз жоодон имарат толук күйгөн.


Ал эми бүгүнкү текшерүүнүн жыйынтыгында Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда 9 пункттан турган бузуулар, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда 9 пункттан турган бузуулар жана Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунда 10 пункттан турган бузуулар аныкталды.


Эске салсак, кемчиликтерди жоюуга берилген 30 күнгө чейин убакытта аныкталган бузуулар аткарылбаса, 23 миң сом айып пул салынат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн