Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 08:17
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Ошто 34 жаштагы адамды өлтүрө сүзүп качып кеткен жаран кармалды

11.05.2022 13:32
967
Ошто 34 жаштагы адамды өлтүрө сүзүп качып кеткен жаран кармалды

Жол кырсыгын жасап, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу  Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


2022-жылдын 10-май күнү саат 21:30 чамасында Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө, Бишкек-Ош автоунаа жолунда тактап айтканда Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагында, Бишкек-Ош автожолунун 665 чакырымында Кара-Суу районунун жашоочусу 34 жаштагы Ж. К., аттуу жарандын жол кырсыгына кабылгандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. 


Аталган маалымат Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган. 


Окуя болгон жерге Кара-Суу РИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, кароо жүргүзүлүп, жол кыл кырсыгына учураган Кара-Суу районунун тургуну 1988-жылы төрөлгөн Ж. К., экендиги аныкталып, анын жансыз денеси Ош шаардык мейит канасына жеткирилип, соттук медициналык экспертиза дайындалган. 


Текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Суу РИИБдин жана Ош ОИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн (ЖККК) кызматкерлери тарабынан Ваз 21-07 автоунасы кармалган.

 Аталган автоунаада жүргүнчү катары бара жаткан күбөлөр суралып, алардын берген көрсөтмөлөрүнүн негизинде


Кара-Суу районунун Кара-Добө айылынын тургуну 1983-жылы туулган А. А., аттуу жаран шектүү катары кармалган.


Учурда Ваз 21-07 автоунасы айып автоунааларды кармоочу жайга киргизилип, жол кырсыгы боюнча соттук автотехникалык экспертиза, соттук медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн