Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 10:28
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Ошто 4800 сомдук, Чолпон-Ата шаарында 4000 сомдук көмүр сатыла баштады

15.11.2022 10:04
334
Ошто 4800 сомдук, Чолпон-Ата шаарында 4000 сомдук көмүр сатыла баштады



 Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» МИ калкка арзан көмүр ташууну улантууда. Мындан улам энергетика министри Таалайбек Ибраевдин тапшырмасы менен «Кырызкөмүр» МИ атайын отун базаларды ачып, Ош облусуна "Загара" көмүр кенинен ташылып келген кара алтындын бир тоннасы 4800 сомдон, ал эми Ысык-Көл облусуна Кара-Кечеден ташылып келген көмүрдүн тоннасы 4000 сомдон сатыла баштады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.


Көмүр сатып алууну каалагандар төмөнкү даректерге кайрылса болот:

 Ош шаары: 

-Бирлешкен айылы;

-Жапалак айыл өкмөтү;

-Туран кичи шаарчасы;

-Амир-Темир кичи шаарчасы. 


Ысык-Көл облусу боюнча:

 -Чолпон-Ата шаары: 

-Промзона кичи району; (ПМК 107)  

- Ысык-Көл району,Темир айылы

Иманалиева М.көчөсүндө сатылууда.


Эске салсак, буга чейин Кара-Кече көмүр кенинен 2022-жылдын август айынан ноябрга чейин 555 миң тонна көмүр казылып чыкты. Анын ичинен 317 миң тонна калкка, 295 миң тонна Бишкек ЖЭБге ташылды. Учурда Бишкекке тоннасы 4000 сомдук көмүр темир жол аркылуу вагон менен ташылууда. Мындай саамалык улана бермекчи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн