Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто Европа өлкөлөрүнө жумушка жөнөтүүнү убада кылган киши алдамчылыкка шектелип кармалды

15.08.2023 15:21
361
Ошто Европа өлкөлөрүнө жумушка жөнөтүүнү убада кылган киши алдамчылыкка шектелип кармалды


Ош шаарында кеңсе ачып, Европа өлкөлөрүнө жумушка жөнөтүүнү убада кылган киши ири алдамчылыкка шектелип кармалганын бүгүн 15-августта Ош шаардык милициясынан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, Ош облусунун Кызыл-Кыштак айылынын 28 жаштагы тургунун Бишкекте жашынып жүргөн жеринен кармап, Ош милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алышты.

Ал Польшага жана Германияга жөнөтүп, ошол жактан жумуш таап берем деген убада менен 150дөн ашуун адамды алдап кеткени, алардын көбү виза ачтыруу үчүн 900-1800 евродон төлөп беришкени аныкталды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн