Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 12:24
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Ошто “Классик” мейманканасындагы окуя боюнча мэриянын кызматкерлерине иш козголду

11.12.2023 13:30
601
Ошто “Классик” мейманканасындагы окуя боюнча мэриянын кызматкерлерине иш козголду


Ош шаардык прокуратурасы Ош шаардык мэриясынын кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу “Азаттыка” шаардык прокуратурадан билдиришкен.

Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, иш Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен козголгон.

Белгией кетсек, буга чейин “Классик” мейманканасынын ээси Жаныбек Ажимаматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына, Ош шаардык кеңешине арыз менен кайрылган.

Ал арызында 5-октябрь - шаар күнүндөгү сый тамакты бекер өткөрүп берүү талабы коюлганын айтып, Ош шаарынын вице-мэри Замир Юсуповго жана мэрдин ошол учурдагы коомдук башталыштагы кеңешчиси Абдүшүкүр Жураевге каршы даттанган.

Буга чейин “Азаттык” үналгысы “Классик” мейманканасынын айланасындагы чырды чагылдырган. Бул окуялардан кийин Абдүшүкүр Жураев кызматтан кеткен.

Булак: "Азаттык" үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн