Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:19
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто “Коопсуздук-2022” жана “Түштүк-2022” машыгуулары аяктады

26.05.2022 13:24
1084
Ошто “Коопсуздук-2022” жана “Түштүк-2022” машыгуулары аяктады



Ош облусунун Ноокат, Ош шаары жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондорунда 24-26-май күндөрү өткөрүлгөн “Коопсуздук-2022” биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулары жана “Түштүк-2022” комплекстүү мобилизациялык машыгуулары аяктады. Бул тууралуу президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.


Машыгуунун жүрүшүндө республиканын аймагына кирип келген мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу боюнча биргелешкен атайын операция жүргүзүлүп, регионго киргизилген аскердик абалдын шарттарында практикалык резервдик роталарды түзүү менен кырдаалды турукташтыруу боюнча милдеттер иштелип чыкты. Ошондой эле Ош, Ноокат жана Ала-Бука районунун резервдик роталары менен күжүрмөн ок атуулары өткөрүлдү.


Мындан сырткары, машыгуулардын сценарийи боюнча эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү менен 2-деңгээлдеги аскердик-талаа госпиталы жайгаштырылып, стратегиялык объектилерди кайтаруу жана коргоо уюштурулуп, резервдик бөлүктөрдүн күчү менен блокпосттор коюлду.


Машыгуунун аягында эң активдүү катышуучулар медалдар жана ардак грамоталар менен сыйланышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн