Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 12:22
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Ошто «Sky Bar» оюн-зоок мекемесинин алдында мушташкан УКМК кызматкерлери кызматтан бошотулду

10.01.2023 09:57
347
Ошто «Sky Bar» оюн-зоок мекемесинин алдында мушташкан УКМК кызматкерлери кызматтан бошотулду


2023-жылдын 2-январында Ош шаарындагы «Sky Bar» оюн-зоок мекемесинде КР УКМК кызматкеринин катышуусунда болгон окуя боюнча, УКМКнын Ички коопсуздук кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


Натыйжада, коомдук тартипти бузгандыгы жана улуттук коопсуздук органынына шек келтиргендиги үчүн, бул окуяга катышкан улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кызматтан алуу чечими кабыл алынган. 


Учурда бул факты боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Аскердик прокуратурасы тарабынан тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн