Ош шаарында Южный каналына 32 жаштагы адам түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-июль күнү саат 19:30 чамасында Амир-Тимур кичи районунда жайгашкан Южный каналына 1988-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен.
12-июль күнү издөөдөгө куткаруучулар, ИИМден 4 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 6 адам тартылып, саат 15:15те маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн