Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто акыркы үлгүдөгү Калашников автоматын сатууга аракет кылган адам кармалды

01.03.2021 09:46
756
Ошто акыркы үлгүдөгү Калашников автоматын сатууга аракет кылган адам кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Калашников автоматын сатууга аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.


Белгилүү болгондой, милицияга белгисиз жарандын ок атуучу куралды сатып алууга кардар издеп жаткандыгы тууралуу оперативдүү маалымат түшкөн.



Иликтөөнүн жүрүшүндө ал адам мурда эки жолу соттолгон 1976-жылы туулган Ош шаарынын И.Р. аттуу жашоочусу экендиги такталган. Милиция кызматкерлери кардар катары куралдын баасын сураганда 50 миӊ сомдон кем эмес баага баалаган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында И.Р. 27-февралда саат 16:00 чамасында Ош шаарынын Н. Исанов көчөсүнө куралды сатуу үчүн алып келген учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы тарабынан кармалды.

45 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, мыйзамсыз курал-жаракты сактоо жана сатуу боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

"Алынган автомат АК-103 үлгүсүндөгү, 7,62 мм калибриндеги автоматтык ок атуучу курал болуп чыкты. Бул автомат адистердин айтуусуна караганда, акыркы үлгүдөгү автоматтык ок атуучу куралдардын бири болуп саналат", - деп айтылат милициянын маалыматында.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн