Бугу 05, 2024
Убакыт: 12:34
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ошто айдоочу жөө өтмөктөн үч окуучуну сүзүп кетип, бири каза болду

Ошто айдоочу жөө өтмөктөн үч окуучуну сүзүп кетип, бири каза болду


Ошто "Тойота" унаасынын аял айдоочусу жөө өтмөктөн 3 окуучуну сүзүп кеткен, алардын бири ооруканада каза болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттиги Кайгуул милициясына таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын тургуну 1987-жылы туулган М.М.Ж. 5-октябрда Жапалак айылында жол чырактын кызыл жарыгынан өтүп, жөө өтмөктөн 3 окуучуну сүзүп кеткен. Балдардын бири (2010-жылы туулган) алган жараатынан улам ооруканада каза болду.

Кайгуул милициясынан бул кыз 9-сентябрда дагы жөө өтмөктөн бир адамды сүзгөнүн, ошондой эле айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдап жүргөнүн белгиледи. "Андан кийин ал 15 миң сом айып пул менен кутулду", - деп билдиришти милициядан.

Азыркы учурда унаа айып короосунда турат. Материалдар Ош шаардык ички иштер башкармалыныны Тергөө кызматына өткөрүлүп белрилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн