Жетинин айы 01, 2024
Убакыт: 15:31
USD
85.65
86.15
EUR
93.00
94.00
RUB
0.880
0.915

Ошто бала бакчада уктоодон баш тарткан кызга тарбиячы ийне сайып, сабаган (Фото)

21.04.2021 11:14
9058
Ошто бала бакчада уктоодон баш тарткан кызга тарбиячы ийне сайып, сабаган (Фото)


Оштогу бала бакчалардын биринде уктоодон баш тарткан 5 жаштагы кызды тарбиячысы ийне менен денесинин ар кайсы жерине сайгылаган. Бул тууралуу жабырлануучунун апасы инстаграм баракчасы аркылуу билдирди.


Жабырлануучунун апасынын айтымында, окуя 5-апрелде орун алган. 


"Кызымды бакчага мен алып барганмын. Кечинде атасы алып келди. Ал эч нерсени байкаптыр. Мен кызымды карасам башындагы бир ууч чачы жулунуп калыптыр. Кулактарынын айланасына башына ийне сайылыптыр. Башында канап турган жери да бар экен",- деп жазган 5 жаштагы кыздын апасы. 


"Мен уйкум келбей тарбиячыдан мага тапшырма беришин сурандым, бирок ал укпай койду. Мен дааратканага барып келсем, "Сенин башкалардан айырмаң жок, болбосо ийне саям" деди. Ошол жерде башка тарбиячы да бар эле. Ал чыгып кеткенден мага ачууланып, ийне менен сайгылай баштады. Чачтарымдан кармап алып сабады",- деп билдирген жабырлануучу кыз.

Теги

Пикирлер (8)

Коопсуздук коду
Курманкул
мындай тарбиячыны ааламдан жок кылыш керек
Курс
Сотко берип каматын мындайларды жок кылыш керек бечара кыз десе. Ошо тарбиячынын аты жонун жазгылачы
Талипбекуулу сейтек
Камаш кк акмакты
Мансурова Мукаддас
Азыр балдарды зорго чонойтуп атканда мээси иштебейт экен тарбиячыны.биронун баласын урганга сокконго жада калса жаман дегени да акыбыз жок.бечара кыз ананайын.журогу кантип чыдады экена ал деле энего.менимче аны баласы жок торогон эмес.
Эла
Олуп кеткир тарбияяы болбой бир зомбиго