Бир сутка ичинде Ош шаарында 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 2-июндагы брифингде билдирди.
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыгарылган. Муну менен илдеттен айыккан ак халатчандардын жалпы саны 254кө жетти.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 364 учур катталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн