Аяк оона 22, 2025
Убакыт: 05:16
USD
87.30
87.80
EUR
102.20
103.20
RUB
1.045
1.075

Ошто каналдын жээгине чейин үй салып алган прокуратура кызматкери текшериле баштады

05.08.2025 17:55
498
Ошто каналдын жээгине чейин үй салып алган прокуратура кызматкери текшериле баштады


Оштогу Увам каналынын жээгине чейин там-таш салып алган прокуратуранын кызматкерин текшерүү иштери башталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан (БП) кабарлашты. 


"Прокуратура органдары мыйзамдуулукту так сактоо, бардык жарандардын мыйзам алдында теңдигин камсыз кылуу принциптерин бекем карманат", — деди Башкы прокуратура.


Маалыматта ошондой эле текшерүүнүн расмий жыйынтыгы кабарланары кошумчаланган.


Эске салсак, кечээ калаа мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейд учурунда прокуратура кызматкеринин үйүнө кирген. Короосунан кымбат унаалардын турганын көрүп, калаа башчысы мынчалык байлык кайдан келгенине кызыккан. Ошондой эле мэр каналдын жээгине чейин курулуш жүргүзгөндүгү үчүн үй ээсине эскертүү берип, суунун боюн бошотуп коюуну тапшырган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн