Бугу 17, 2024
Убакыт: 01:19
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ошто каналга чөгүп кеткен эки кишинин сөөгү табылды

11.08.2020 09:41
882
Ошто каналга чөгүп кеткен эки кишинин сөөгү табылды

 

 

Ош шаарында Яккалик каналына түшүп кеткен 60 жана 61 жаштагы кишилердин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Манас Ата кичирайонунда жайгашкан Яккалик каналына 1960-жылы жана 1959-жылы туулган 2 эркек киши түшүп кеткен. Куткаруучулар каза болгон жарандардын жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн