Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 23:54
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ошто кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселеси талкууланды

11.03.2024 09:57
300
Ошто кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселеси талкууланды


Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун биргелешкен кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча комиссиясынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптардын жолугушуусу 2024-жылдын 4-мартынан 8-мартына чейин Ош шаарында өткөн.

Анын жүрүшүндө 2023-жылга карата аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, 2024-жылга жолугушуунун графиги бекитилди, ошондой эле кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана демаркациялык карталарды жана атайын (жалпы) геодезиялык тармакты түзүү маселелери талкууланды.

Сүйлөшүүлөр достуктун жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча тиешелүү Протоколго кол коюлду.

Жумушчу топтордун кезектеги жыйыны Өзбекстандын аймагында өтөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн