Теке 30, 2025
Убакыт: 02:19
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.050
1.090

Ошто мектеп-гимназиянын жетекчиси 10 миң сом пара менен кармалды

29.07.2025 15:06
37
Ошто мектеп-гимназиянын жетекчиси 10 миң сом пара менен кармалды


Ошто мектеп-гимназиянын жетекчиси 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Коррупцияны жоюу жана окуу мекемелериндеги билим берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан УКМК С.М.Киров атындагы №4 мектеп-гимназиянын уюштуруу иштери боюнча башчысы М.Ж.К. тарабынан У.О. аттуу жарандын уулун биринчи класска киргизгендиги үчүн 10 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап алуу фактысын аныктады.


2025-жылдын 24-июлунда аталган акча каражатын алуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында М.Ж.К. кармалып, УКМКнын Тергөө башкармалыгына жеткирилди.


Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн