Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 03:36
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ошто милициянын кайгуул кызматына тандоо сынагында 157 гана талапкер калды

19.08.2020 16:39
1187
Ошто милициянын кайгуул кызматына тандоо сынагында 157 гана талапкер калды


Ош шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнө талапкерлерди тандоо үчүн тестирлөө жана дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруу сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-18-август күндөрү Ош шаарынын А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда сынактын комиссиясы тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүшкөн талапкерлерден дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди кабыл алышкан.

"Дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруу боюнча сынакка катышууга 315 талапкер уруксат алып, жаш-курактарына карата нормативдерди тапшырышкан. Алардын ичинен нормативдерди 157 талапкер ийгиликтүү тапшырып, кийинки маектешүүдөн өтүшмөкчү. Дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруу үчун 10 талапкер келген эмес. Ал эми 148 талапкер нормативдерди тапшырууда өтпөй калган", - деп айтылат маалыматта.


Белгилей кетсек, буга чейин Ошто милициянын кайгуул кызматына тандоо тестинен 310 талапкер ийгиликтүү өткөнү кабарланган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн