Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:51
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ошто милициянын полковниги баңгизат таратууга шектелип кармалды

04.04.2022 12:15
486
Ошто милициянын полковниги баңгизат таратууга шектелип кармалды

Ош шаардык ИИБ кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык,  УКМК тарабынан Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз баңги заттарын жүгүртүүнү аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш иштин алкагында, милициянын полковниги А.У.К. жана милициянын старшинасы Т.у.А. кармалды.


КР МУКК кызматкерлери тарабынан, аталган А.У.К. 2022-жылдын апрел айынын 1нен 2 сине караган күнү түнкү саат 03:15 чамасында 894 грамм салмактагы өзгөчө жыты бар баңги затын белгиленген жерге бекитип таркатып жүргөн жеринен Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнун (УККБ) башчысы, милициянын подполковниги 1982-жылы туулган А.У.К. жана Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн (МККБ) 4-взводунун кенже инспектору 1998-ж.т. Т.у.А. кармалды.


Жыйынтыгында Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз баңги затын ташыган каналдардын биринин ишине бөгөт коюлду.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн