Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто туристтин сумкасын уурдаган шектүү кармалды

19.07.2022 15:24
657
Ошто туристтин сумкасын уурдаган шектүү кармалды


Чет өлкөдөн келген туристтин сумкасын уурдаган шектүү кармалды.


Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 11-июлдан 12-июлга караган түнү Сербия өлкөсүнүн жараны С.Б милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал сумкасын белгисиз бирөөлөр конок үйлөрдүн биринде уурдап кеткендигин билдирген.


Бул факты менен кылмышка шектүүнү кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн.


"Ыкчам иш-чаранын натыйжасында, Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан шектүү катары Ош шаарынын 1975-жылы туулган К.В. аттуу тургуну кармалган. Тергөөнүн алгачкы жүрүшүндө, шектүүдөн алынган сумка жабырлануучуга таандык экени аныкталды, туристке сумкасы тапшырылды", - деп жазылат маалыматта.


Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн