Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:47
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Ошто унаа жуучу жайлардагы төлөм терминалдарын карактагандар кармалды

17.01.2024 09:08
531
Ошто унаа жуучу жайлардагы төлөм терминалдарын карактагандар кармалды


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери өзүн өзү тейлөөчү унаа жуучу жайларда төлөм терминалдарын ачкан деп шектелген үч жаранды кармашты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, кармалгандардын бири үч жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин оперативдүү реестринде турат. Белгиленгендей, алар бир жылга жакын убакыттан бери кылмыштуулук менен алектенип, ушул сыяктуу беш фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган.


Кармалгандардан металл буюмдар, кол каптар, бычактар ​​жана акчалар табылып алынып, алар айдап бараткан унаа айып аянтчасына токтотулган.


«Алардын баары убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалгандардын башка аймактарда жасалган ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси такталууда. Тергөө иштери уланууда», - деп кошумчалады басма сөз кызматы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн