Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 22:57
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ошто унааны уурдаган жаран оңдотуу үчүн алып келгенде кармалды

05.08.2022 16:57
1164
Ошто унааны уурдаган жаран оңдотуу үчүн алып келгенде кармалды

Автоууру бирөөнүн машинасын уурдап, тормоздук системасын оӊдотууга устаканага келген учурда кармалды. Бул тууралуу Ош шаарынын милициясынын маалымат кызматы билдирет.

 

Маалыматка караганда,   1975-жылы туулган Ош шаарынын тургуну милицияга кайрылып, өзүнө таандык болгон "Деу-Матиз" үлгүсүндөгү автоунаасын 3-август күнү болжол менен саат 23:30 чамасында үйүнүн жанына коюп, кайра 4-август күнү эрте менен саат 08:00дө автоунаасын караса-койгон жеринде жок экендигин билдирген.


Факт боюнча Ак-Буура милиция бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодексинин 211-беренесинин (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) белгилери менен катталып, автоунааны табуу, шектүүнү кармоо боюнча кызматкерлерге атайын тергөө тапшырмалары берилген.


Аталган окуя боюнча Ак-Буура милиция бөлүмүнүн 4-шаардык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын жыйынтыгында, ушул эле күнү автоунаа шаардагы унаа оңдоочу жайга тормозу иштебей калып, оңдотуу үчүн койгон учурда табылган. Бул кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 2001-жылы туулган К.С. кармалып тергөөгө камсыздалган. 


Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн