Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто үй салганы жер казган жаран адамдардын сөөгүн таап алды

17.06.2020 18:28
1085
Ошто үй салганы жер казган жаран адамдардын сөөгүн таап алды


Ош шаарынын Жамбыл көчөсүнүн тургуну 14-июнь күнү үй салуу үчүн котлован кызып жатып жерден адамдардын сөөктөрүн тапкан. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, сөөктөр эскирип, карарып кеткени жана кимге таандык экендиги белгисиз. Маркумдарга таандык кийим-кечектер чыккан эмес.


“Алынган маалыматтарга караганда өткөн кылымдын башында ал жерде мүрзө болгон. 1987-жылы бул аймакка коншулаш жер тилкесине дагы курулуш иштери учурунда сөөктөр чыгып, аларды 1920-1930-жылдарда көмүлгөн адамдарга таандык дешип жыйынтык чыгарып беришкен экен. Бул тууралуу ошол жерде жашаган жашоочулар маалымат беришти. Курулуш болгон жерден бир каптан ашуун майда, укаланып бараткан сөөктөр чыккан. Азыр сөөктөр атайын экспертизага берилген. Жыйынтыгы чыга элек”, - деп айтылат маалыматта

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн