Бугу 16, 2024
Убакыт: 11:21
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ош шаарында врачтын көрсөтмөсү жок дары-дармек сатууга тыюу салынган эмес, - мэрия

17.07.2020 16:50
911
Ош шаарында врачтын көрсөтмөсү жок дары-дармек сатууга тыюу салынган эмес, - мэрия


“Ош шаарындагы дарыканаларда врачтардын көрсөтмөсү жок дары-дармек сатууга тыюу салынганы тууралуу мэриянын чечими чыккан” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Ош мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси, шаардык саламаттыкты сактоо тармагы боюнча куратор Фарида Арзыкулова “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине билдирди.


Анын айтымында, ар бир жаран бардык дарыканадан каалаган дарысын ала алат. Ошондой эле ооруканаларда, күндүзгү жана түнкү стационарларда атайын дайындалган дарыгерлер күнү-түнү иштеп жатышат жана бейтаптарды кабыл алышууда. Илдетке чалдыккан бейтаптар алардан кеп-кеңеш алып, рецепт жаздырып жана башка тейлөө кызматтарын ала алышат.


“Эгерде милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун камсыздандыруу полисине ээ болгон жарандар болсо, жарым баасын гана төлөшөт. Андай учурда сөзсүз дарыгердин рецепти, мөөрү талап кылынат. Арызданган жарандар балким ушуну менен алмаштырып алышы мүмкүн. Андан башка учурда эч кандай сатып алууга чектөө коё албайбыз, ага укугубуз да жок. Керек болсо кээ бир ишкерлер абалдан пайдаланып, айрым дарыларды өз билгениндей кымбат сатууда. Антимонополдук кызматтан атайын бекитилген баалар жок болгондуктан текшерүүдө дагы анча катуу чара колдонулган жок”, - дейт Фарида Арзыкулова.


Белгилей кетсек, мурдараак Ошто бейтаптар көрсөтмөсү жок дары ала албай же жазып берген дарыгер жок кыйналып жатышканын окурмандар билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн