Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:48
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто жолдорду жууп, тазалай турган атайын техникалар пайдаланууга берилди

18.08.2020 16:22
770
Ошто жолдорду жууп, тазалай турган атайын техникалар пайдаланууга берилди


Ош шаарында жолдорду жууп, тазалай турган атайын техникалар пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аталган шаардын муниципиалдык мекемесинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-августта Ош шаарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынып келинген 4 атайын жолдорду шыпырып, жууй турган техникаларды тапшыруу аземине болду. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, тиешелүү ишканалардын жетекчилери, “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын кызматкерлери катышкан.


“Айта кетсек, учурда “Ош шаарындагы катуу тиричилик калдыктарын башкарууну жакшыртуу” боюнча Европо өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын долбоорунун негизинде жумуштар жүргүзүлүп жатат. Долбоордун жалпы баасы 10.0 млн. Еврону түзүп, анын 50 пайызы банк тарабынан кредит катары, ал эми 50 пайызы грант катары Европа биримдиги тарабынан берилет. Бүгүнкү күнгө чейин долбоордун алкагында сыйымдуулугу 8 м3 болгон 32 даана контейнер алынып пайдаланууда. Андан тышкары сыйымдуулугу 1.1 м3 болгон 1136 даана контейнерлерди сатып алуу үчүн тендер өткөрүлүп, учурда 380 даанадан турган биринчи партиясы алынып келип шаарыбыздын аймагына коюлду. Долбоордун алкагында дагы бир компонент-таштандыларды ташуучу 12 даана атайын автоунаалар алынып келинген. Жакында дагы сыйымдуулугу 16 м3 болгон 12 даана атайын автоунааларды сатып алуу үчүн тендер өткөрүлөт. Ошондой эле бул долбоордун алкагында жаңы санитардык полигонду куруу, шаардын аймагында контейнерлер жайгашкан жерлерди жана ишкананын гаражын оңдоо пландаштырылган”, - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн