Теке 05, 2024
Убакыт: 04:35
USD
85.80
86.70
EUR
92.40
93.40
RUB
0.955
1.000

Оштогу айрым унаа жолдордо сел жүрдү

01.08.2020 11:45
1229
Оштогу айрым унаа жолдордо сел жүрдү


Кечээ, 31-июлда саат 19:30дар чамасында Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл аймагында катуу жамгырдан Күйөө-Таш айылындагы алты, Көө-Саты айылынан он үйдү коктудан түшкөн суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда жеринде тактоо иштери жүрүп жатат. Ишке ӨКМдин райондук бөлүмү жана Жарандык коргонуу комиссиясы тартылды.

Ошондой эле Мырзаке-Кара-Кулжа-Алай-Куу автожолунун 115-чакырымында, Ош-Папан-Кичи-Алай автожолунун 82-89-чакырымында сел жүрүп, кум-шагылга толуп калган. 1-август күнү толук тазалоо иштери жүргүзүлөт.

Буга чейин Кыргызгидромет сел жүрүү коркунучу тууралуу чукул эскертүү тараткан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн