Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:26
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Оштогу ипподромдогу нааразычылык боюнча милиция үн катты

01.09.2023 09:08
400
Оштогу ипподромдогу нааразычылык боюнча милиция үн катты


Ош облусунун "Төлөйкөн" ат майданында көк бөрү оюну бүтөрдө көрүүчүлөр калыска нааразы болуп, бейбаштык кылышкан. Бул тууралуу Ош ОИИБ кабарлады.


Буга чейин окуянын видеосу тараган. Анда көрүүчүлөр менен оюнчулар аралашып кеткенин көрүүгө болот.


Милициянын маалыматына ылайык, "Төлөйкөн" ипподромунда өткөн көк бөрү боюнча президенттин кубогуна 40 миңден ашуун көрүүчү келген.


“Финалдык беттеш аяктаарда көрүүчүлөр калыстын чечимине нааразычылыктарын билдирип, аларга карата бош желим бөтөлкө ыргытышкан”, — деп жазылган маалыматта.


Милиция окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Учурда ат майдандан бардык жарандар тарап, аймакта абал тынч деп билдирди.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн