Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 10:53
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Оштогу жаңы муниципалдык базар 20-апрелде ачылат

17.04.2025 11:28
98
Оштогу жаңы муниципалдык базар 20-апрелде ачылат


Ош шаарындагы жаңы муниципалдык базардын ачылышына карата даярдык иштери аяктоодо.


Мэриядан билдиришкендей, учурда базарга кирүүчү жолдор, унаа токтотуучу жайлар асфальтталып, трансформаторлор орнотулду. Ошондой эле 80 орундуу, душ кабиналары менен жабдылган дааратканалардын бири бүткөрүлүүдө.


Мындан тышкары, коомдук тамактануучу жайларды уюштуруу, өрт коопсуздугун сактоо максатында гидранттарды орнотуу, базардын ички аймагын иретке келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат.


Эске салсак, 20-апрелден тартып борбордук базар жаңы муниципалдык базарга көчүрүлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн