Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 20:47
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Отуз-Адыр каналына түшүп кеткен 10 жаштагы баланын сөөгү табылды

13.08.2020 10:08
936
Отуз-Адыр каналына түшүп кеткен 10 жаштагы баланын сөөгү табылды


Кара-Суу районудагы Отуз-Адыр каналына түшүп кеткен 10 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 10-август күнү Тойчу айылында 2010-жылы төрөлгөн бала Отуз-Адыр каналына түшүп кеткен. 12-август күнү  издөө иштерин жүргүзүү үчүн 23 куткаруучу тартылып, издөө иштеринин натыйжасында саат 10:40та маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.


Белгилей кетсек, буга чейин куткаруучулар Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр каналына түшүп кеткен 10 жаштагы баланы издеп жатканы кабарланган.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн