Бугу 05, 2024
Убакыт: 02:11
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Пакистан Бишкек-Карачи туруктуу авиакаттамын ачууну сунуштады

26.01.2023 10:00
169
Пакистан Бишкек-Карачи туруктуу авиакаттамын ачууну сунуштады

Кыргызстандын элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Синд провинциясынын башкы министри, Губернатору жана Карачи шаарынын администратору менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.


КР тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Синд провинциясынын губернатору Камран Тессори менен болгон жолугушуусунда тараптар Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды түзүү аркылуу соода-экономикалык чөйрөдө кыргыз-пакистан кызматташтыгын активдештирүү маселелерин талкуулашып, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, маданият күндөрүн, спорттук жана башка иш-чараларды уюштуруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.


Ал эми Карачи шаарынын администратору Сайед Саиф ур-Рехман менен жолугушуусунун алкагында Кыргызстандын шаарлары менен боордош шаар мамилелерин түзүү, аймактар аралык кызматташтыкты чыңдоо, кыргыз компанияларынын Карачинин деңиз портторуна мүмкүнчүлүк алуу маселелери талкууланды.


Ошондой эле тараптар билим берүү, туризм жана Бишкек менен Карачи шаарларынын ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачуу маселелерин козгошуп, ишкердик байланыштарды чыңдоо үчүн бизнес-делегациялардын Кыргызстанга жана Карачиге иш сапарларын уюштурууну макулдашты. Мындан тышкары, элчи Тотуяев Карачи шаарында Кыргызстандын соода үйүн ачуу пландары тууралуу маалымдады.


Ошол эле күнү Синддин башкы министри Мухаммад Сайед Али Шах менен жолугушуусу болуп, анын жүрүшүндө тараптар буюмдардын ар кандай түрлөрүн экспорттоо-импорттоо жана инвестициялык кызматташтыкты түзүү маселелерин кеңири талкуулашты. Синд провинциясынын мамлекеттик органдарынын делегациясынын Кыргызстанга иш сапарын уюштуруунун зарылдыгын белгилешти.


Элчи маектештерге Кыргызстандын соода-экономикалык жана инвестициялык потенциалы, ошондой эле инвесторлор үчүн болгон преференциялары тууралуу маалымат берип, фармацевтика, айыл чарба, өнөр жай, жана башка чөйрөлөрдө иш алып барган компанияларды бул мүмкүнчүлүктөрдү активдүү пайдаланууга чакырды. Ал бизнес-коомчулукту жакынкы арада пландаштырылган кыргыз-пакистан бизнес форумуна катышууга чакырды.


 

  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн