Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 17:06
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Пакистан менен Кыргызстандын 30 жылдык мамилесине байланыштуу иш-чара болуп өттү

04.11.2022 15:54
225
Пакистан менен Кыргызстандын 30 жылдык мамилесине байланыштуу иш-чара болуп өттү

Исламад шаарында Кыргызстан менен Пакистандын билим, маданият жана туризм тармагындагы мамилелерин өнүктүрүүгө жана Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнүн 30 жылдыгына арналган масштабдуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.


Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин демилгеси боюнча Пакистан өкмөтүнүн Улуттук мурас жана маданият департаментинин колдоосу менен уюштурулду.


Иш-чарага Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев, Пакистандын премьер-министринин саясий жана коомдук мамилелер, улуттук мурас жана маданият боюнча федералдык министр даражасындагы кеңешчиси Амир Мукам, Кыргызстандан чакырылган туристтик компаниялардын өкүлдөрү, улуттук кийимдердин дизайнерлери жана сүрөтчүлөрү, ошондой эле Пакистандын билим берүү, маданият жана туризм тармагынын өкүлдөрү катышты.


Негизги максаттардын арасында Кыргызстандын билим берүү программаларын кабыл алган өлкөнүн коомчулугуна жайылтуу, эки өлкөнүн маданий байланыштарын чыңдоо, ошондой эле Кыргызстандын туристтик потенциалын көрсөтүү болду. Буга байланыштуу катышуучуларга Кыргызстандын маданиятынын жана турмушунун элементтери, улуттук кийимдери көрсөтүлүп, ошондой эле туристтик мүмкүнчүлүктөрдүн презентациялары көргөзүлдү.


Бул иш-чаранын алкагында кыргыз маданиятын даңазалоо максатында Кыргызстандын өнөрпоздору өзүлөрүнүн чыгармаларын элге тартуулашты.


Жыйынтыктоочу сөзүндө элчи У.Тотуяев маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн, эки өлкөнүн борборлорунда маданият күндөрүн өткөрүүнүн жана КР залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараны уюштуруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.


Ал кабыл алуучу өлкөнүн өкүлдөрүн Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын жогорку деңгээлин жана сапатын эске алуу менен Кыргызстанда билим алуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Мындан тышкары, ал маданият жана туризмди өнүктүрүү максатында Пакистан тарабы менен мындан аркы биргелешкен иш-чараларды уюштуруу пландары билдирди.


Пакистандын премьер-министринин кеңешчиси А.Мукам Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы маданий, тарыхый жана диний байланыштарды чыңдоо үчүн мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн ырастады.


Бүгүн, 4-ноябрда ушундай эле иш-чара Пакистандын Лахор шаарында да өткөрүлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн