Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Памирдеги кыргыздар белгисиз оорудан өлүп жатат деген маалымат тастыкталган жок

19.01.2023 15:00
311
Памирдеги кыргыздар белгисиз оорудан өлүп жатат деген маалымат тастыкталган жок

Афганистанда этникалык кыргыздардын белгисиз вирустан массалык түрдө каза болгондугу тууралуу маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.


Анын айтымында, этникалык кыргыздар белгисиз вирустан массалык түрдө өлүп жатканы тууралуу жалган маалыматты Бадахшандан (Тажикстан) келген этникалык кыргыз тараткан.


“Учурда бул маселе Кыргызстандын Кабулдагы (Афганистан) убактылуу ишенимдүү өкүлү Санжар Алгожоевдин көзөмөлүндө”, - деп белгиледи министр.


Ошондой эле Кулубаев кошумчалагандай, турмуштук оор шарттан улам жыл сайын ар кандай жагдайда Памирдеги этникалык кыргыздар каза болуп келет, бирок алардын белгисиз вирустан массалык түрдө каза болгондугу тууралуу маалымат тастыкталган жок.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн